Жыл сайын миңдеген чет өлкөлүк туристтер саякаттаган Ысык-Көл облусу өлкөбүз үчүн үлгүлүү аймак. Бирок туризм бюджет түзүүчү тармактын негизи деп санаган туура эмес. Аймактык өнүгүүсүндө «Кумтөр Голд Компани» ЖАКу маанилүү ролду ойнойт.

«Ысык-Көлдү өнүктүрүү» фондуна «Кумтөр Голд Компани» 1997-жылдан бери ишканасынын дүң кирешесинен 1 %дык өлчөмдө акча которуп келет. Бүгүнкү күнгө чейин чегерүүлөр 3 млрд. 856 млн сомдон ашык сумманы түздү. Акыркы маалыматтарга таянсак өткөн 2018-жылы тоо кен «Ысык-Көлдү өнүктүрүү» фондусуна 504,8 миллион сом которсо, быйыл 557 миллион сом бөлүнөрү болжолдонууда.

Балыкчылыктар коопсуз шаар, жарык шаар, жашыл шаарда жашайт

Облустун дарбазасы, 45 миӊдей калкы бар Балыкчыда “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууга «Ысык-Көлдү өнүктүрүү» фонду 8 миллион сом бөлгөн. Ага 84 видеокамера орнотулуп, кылмыштуулук азайганын ШИИБ башчысынын орун басары Алмаз Карасартов билдирди.

«Видеобайкоолор иштеп баштагандан тарта жол эрежесин бузгандар азайды, кылмыштуулук да кыскарды. Ѳзгөчө ууруларды кармоого чоӊ жардам берип жатат. Алдыда шаарды толук кандуу көзөмөлгө алыш үчүн көчөлөрдүн карталарын чийип аныктадык, дагы 35 камера орнотуу керек», – деди Карасартов.

 Ага утурлай 2016-жылы калаадагы сейил бакты реконструкциялоо колдоо таап, инфрастуруктурасына 8 миллион сомдон ашык каражат сарпталды. Мурда тегереги ташка толгон парктын абалы азыр бир кыйла жакшырды. Алдыда жарыктандыруу системасын киргизүү да аткарылып жатанын вице-мэр Алишер Таабалдиев билдирди.

«Чындыгында жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаарга керектүү чоӊ долборлорду аткарууга каражатыбыз жетпейт. Бүгүнкү күнгө чейин калктын муктаждыгын «Ысык-Көлдү өнүктүрүү» фонду аркылуу ишке ашырып келебиз. Маселен, жашыл шаар үчүн фонд 4 миллион сом караса, жарым акчасын «Хелветас» эл аралык ассоциациясы каржылады. Мындан сырткары, жөө адамдар өтчү белгилер, электр жарыгын үнөмдөөчү 500 шам чырак орнотулду», – деп аткарылган иштер боюнча вице-мэр айтып берди.

Ошондой эле, билим берүү тармагы да көӊүл сыртында калган жок. Бул багытта Калыгул Бай уулу атындагы мектептин ашканасы оңдолуп, фонд 853 миӊ сом которгон. Ал эми шаарда Советтер Союзу мезгилиннен калган 10 мектеп,10 бала бакча бар болсо, калктын саны өсүп, жаӊы имараттарга муктаждык жаралган. Үч жыл мурун «Ысык-Көлдү өнүктүрүү» фонду 100-150 орундуу бала бакча салууга 32 миллион 328 миӊ сом акча которуп, имараттын 90 пайызы аяктады. Келерки айда пайдаланууга берилет, жашоочулар кубанычын жашырбайт.

«Шаар ичиндеги бардык бала бакчада балдарыбыз бир керебетке 2-3төн укташат. Салынып жаткан имараттын ачылышын чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Биринчиден, А. Масалиев көчөсүнө жакын жашагандарга жакшы болмок, экинчиден балдарыбыз жаӊы, таза, жарык бакчадан тарбия алышмак»,-деди Луиза Бейшеева.

 Ысык-Көл району сергек жашоонун үстүндө

Ысык-Көл районунда заманбап үлгүдөгү спорттук аянтчалар, фельдшердик акушердик пункт, бала бакчанын курулушу байкоочу кеӊештин алдында колдоо тапты. Курулуш иштерине баштан – аяк көзөмөл жүргүзгөн техникалык көзөмөл кызматынан Кубан Касымалиев имараттар тынымсыз текшерилип турганын белгилейт.

«Бостери айылына бардык талапка жооп берген футбол аянтачага 2018- жылдан бери 13 миллион сомдон ашуун каражат сарпталган. Ошондой эле Чок-Тал айылындагы мектепке 14 млн, 293 миӊ сомго бааланган спорт зал ишке берилди. Айыл элинин сергек жашоосуна бул аянтчалардын мааниси абдан чоң. Мындан сырткары Жаркынбаев айылына 34 млн, 663 миӊ сомго 100 орундуу бала бакча курулса, Өрүктүдө 2 миллион сомго ФАП тын ачылышы болуп, 2018-жылдан бери калктын саламаттыгы көзөмөлдө», – деди Касымалиев.

Түп районунда кандай жаӊылык бар?

«Ысык-Көлдү өнүктүрүү» фондунун эсебинен райондун Ой-Тал айылына 350 окуучуга ылайык, 2 кабаттуу жаңы мектеп курулду. Сметалык баасы 35 миллион сомдон ашып, 2014-жылы эксплуатацияга берилген. ошондой эле Тасма айылына 2017-жылдан бери 16 млн, 814 миӊ сомго бааланган маданият үйү курулууда. Алдыда айыл чарбасы үчүн алгачкы жолу иригациялык системасы колго алынганын фонддун башкы адиси Аида Кыдралиева маалымдайт.

«Михайловка айылында 20 жылдай убакыттан бери сугат суу системасы көйгөй жаратып келиптир. Иригациялык системаны капиталдык ремонттоо үчүн фонд акча каражатын бөлүп берди. Азыркы тапта 10 500 млн сомго ОсОО “Лои” компаниясы тендер утуп алып, 2 км латок жана каналды капиталдык ремонттоп жатат. Алдыда техникалык көзөмөл иштери жүрүп, июнь айынын башы менен ишке берүү планда бар. Келечекте 4 миӊге жакын адам айыл чарбасын өнүктүрүп, киреше таба алат деген ойдобуз».

Каракол: ден соолуктун жана жаңы жолдун шаары

Каракол шаарынын 150 жылдыгына карата борбордук Кыдыр Аке көчөсүндөгү жолдун 1 чакырым 400 метри оңдоп түзөө иштери башталган. Ага 77 миллион сомдон ашык каражат сарпталды. Көчө төрт сызыктуу болуп, күз айларында бүткөрүү мерчемделди. Андан сырткары Ысык-Көл облустук бириккен ооруканага 4 млн, 800 миӊ сомго кеминде 15 жылга жеткидей 4 гемодиализ аппараты тапшырылган. Бүгүнкү күндө 50 адам ал аппаратка акысыз жардам алууда. Ошондой эле заманбап үлгүдө лаборатория ишке берилгенин башкы даарыгер Токтобай Маанаев билдирет.

«Мурда мындай лаборатория жок болгондуктан оорулунун көбү жеке менчик лабораторияларга барып, көп акча сарпташчу. Эми биздеги оорулардын жыйынтыгын аныктооочу жайыбыз ишке кирип, алыскы бийик тоолу аймактын жашоочулары да кан тапшырып, жообун электрондук түрдө алышууда. Мындан сырткары медицинага кызматтык унаалар жаӊыланып, фонд калктын муктаждыгы үчүн жардамын аяган жок».

Жети-Өгүздүн мектептери жана бала бакчалары

Жети-Өгүз жергесинде дагы алгылыктуу иштер жок эмес. Ѳткөн жылы райондун Ак-Терек айылында 60 орундуу бала бакча пайдаланууга берилип, ага 30 миллион сом акча жумшалган. Ошондой эле Липенка айыл айыл аймагынын Ичке-Булуӊ кыштагына биринчи жолу 60 орундуу бала бакча курулууда. Мекемени 27 миллион сомго баалаган «Сару-Строй» ЖЧКсы куруп жатат. Андан сырткары Ак-Дөбө айылында 150 орундуу мектепти куруу иштери уланып, жалпы сметалык баасы 29 млн сомду түзөт. Муну менен токтоп калбай алдыда аткарылчу бир топ иштер бар, – деди район акиминин орун басары Уланбек Далиев.

«Жети-Ѳгүз районунда элдин кандай муктаждыгы болбосун түздөн- түз «Кумтөр Голд Компани» жана «Ысык-Көлдү өнүктүрүү» фондусу аркылуу маселени чечүүгө аракет көрүлөт. Райондо жалпы 13 айыл аймак бар болсо, андагы 40ка жакын элет жергесине дагы 15 бала бакча, мектеп, спорт зал куруу планыбыз бар. Андан сырткары ички- сырткы жолдор, таза сууга көӊүл буруубуз керек»,-деди ал.

Тоң районунда маданият үйү, спорт зал жаӊырууда

 Тоң районуна караштуу Төрт-Күл айылында 200 орундуу Маданият үйү салынып жатат. Ага өнүктүрүү фонддон 14 миллион сом жумшалып, курулуш иштери уланууда. Мындан тышкары Улахол айыл аймагына караштуу Кара-Талаа кыштагына 1 миң 836 чарчы метр аянтка «Ысык-Көлдү өнүктүрүү» фондусунан 15 миллион сомго жакын акча жумшалды. Айыл аймактын башчысы Акылбек Мамбеткеримов эми ден соолукту чыңдоочу жай 3 миңге чукул калктын өсүп өнүгүүсүнө, сергек жашоосуна шарт түзөт, -деди ал.

Кара-Талаа кыштагында калк жыш жайгашкандыктан эл үчүн спорт залдын мааниси чоң. Өзгөчө мектеп окуусуларына кышкысын эми көйгөй жаралбайт. Бул боюнча Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусуна кайрылып, 2017-жылы колдоо таптык. Эми ички курулуштун 10%дык жумушу бүткөрүлсө келечек муундарыбыз дени сак жашоо менен өнүгөт деген ойдомун”.

Фонд «Кумтөдөн» түшкн акчаны эми киреше багытына жумшайт

Демек, «Ысык-Көлдү өнүктүрүү» фонду бул учурга чейин облустун социалдык маселелерин чечип келсе, алдыда каражатты кайтарым максатына жумшайт. Себеби, фондунун жобосуна бюджетке киреше алып келүүчү тармактарды өнүктүрүү боюнча өзгөртүү киргизилди. Бул тууралуу жетекчиси Алдаярбек Тойгоналиев мындайча жыйынтыктайт.

«Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду буга чейин бир топ социалдык маселелерди чечти. Мектеп, бала бакча, маданият үйү, спорт комплекси өңдүү бир катар объектилерди тургузду. Анткени анын басымдуусу авариялык абалда болсо, кээ бир айылдарда мындай имараттар жок болгон. Эми мындай иштер уланышы үчүн фонд ишин токтотпошу керек. Кумтөр кенин иштетүү токтогон күндө дагы фонддун ишин улантуу үчүн ушундай тыянакка келдик. Ар бир районго каралган каражаттын 10%ы ошол эле мамлекеттик жана жеке менчик ишкерлерин колдоого жумшалат.
Акча каражат ишкерчиликти өнүктүрүүгө багытталат. Башка банктардан айырмаланып, үстөк пайызы болбойт. Канча сумма алса ошончо сумманы кайтарып бериши керек. Жобого ылайык 3 жылдык мөөнөттө 2 млн сомдон 10 млн сомго чейин каражат ала алышат»,-
деди Тойгоналиев.

Эске сала кетсек, Фонд 20 жылдын ичинде аймакка заталган заман талабына жооп берген 32 мектеп, 20 спорт зал, 7 ФАП, 9 бала бакча баардыгы болуп 70ден ашуун имарат куруп берди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.