“Санарип аймак” пресс-туру
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик 2023 жылдын 11-майында “Санарип аймак” электрондук тутумуна жарандарды жер жерлерде каттоо иш чарасы менен тааныштыруу максатында Чүй облусунун Кант шаарынын мэриясына жана Аламүдүн айыл өкмөтөрүнүн аймагында пресс-тур уюштурууда.
Пресс-турдун алкагында, жарандарды каттоо процесси жана каттоо учурунда жаралган көйгөйлөр, маселелер, суроолор боюнча чакырылган ММКнын өкүлдөрү жеринде тааныша алышат.
Иш чарага, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары М.К. Байдылдаев, Агенттиктин пресс-катчысы С.Р. Босумбаев, электрондук башкаруу бөлүмүнүн башчысы Б.З. Садирова ж.б. кызматкерлер катышат.
Кыргыз Республикасынын баардык Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында 10-майдан 31-май айына чейин “Санарип аймак” тутумуна жер-жерлерден каттоо (ар бир айылда) иш-чарасын өткөрүп жатат. Иш-чаранын негизинде видеоролик жасалып, баардык соц. тармактардан, вотсап группалардан таркатылып жана телеканалдардан көрсөтүлүп жатат. Азыркы учурда ЖӨБ органдарына сертификат орнотуу иштери “Инфоком” Мамлекеттик ишканасы менен биргеликте ишке ашырылууда. Бул сертификат менен ЖӨБОнын жооптуу кызматкери жеринен барып “Санарип аймак” тутумуна каттай алат.
Бүгүнкү күндө “Санарип аймак” тутумуна 484 ЖӨБ органдары туташкан, анын ичинен 452 айыл өкмөтү, 32 шаардын мэриясы. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16 ноябрындагы 632-токтомдун негизинде,
Агенттик Кыргыз Республикасынын 8 министрлик, 10 ведомстволору жана 47 коммерциалык банкттар менен “Санарип аймак” тутумунан “Түндүк” ведомстволор аралык маалымат алмашуу системасы аркылуу келишим түздү.
Источник – Государственное агентство по делам государственной службы и местного самоуправления при Кабинете Министров Кыргызской Республики
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: