Бүгүн, 30-июлда Аламүдүн районуна караштуу Скрябин мөнгүсүндө таш кулап туристтер жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, саат 13:00 чамасында бийиктиги деңиз деңгээлинен 4100 метр жогору болгон Скрябин мөңгүсүнө 7 турист чыгып бара жаткан учурда таш кулап, туристердин бардыгы жабыркаган. Туристтер Казахстан Республикасынын жарандары.
“Казахстан Республикасынын ИИМдин ӨККнин тик учагы 31-июль күнү эртең менен эрте (куткаруучулары менен бирге) туристер калган жерге уча турган болушту”, – деп билдирүүдө айтылат.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: