
2025-жылдын 11-сентябрында, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында кыргыз киносунун залкар режиссеру, СССРдин Эл артисти, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Төлөмүш Океевдин 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөт.
Иш-чаранын алкагында «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы даярдаган кыска метраждуу даректүү тасма көрсөтүлүп, концерттик программа менен уланат. Кечеге Океевдин үй-бүлөсү, жакын санаалаштары жана кыргыздын белгилүү кинематографисттери катышат.
Төлөмүш Океев (1935–2001) кыргыз киносун дүйнөгө тааныткан «Бакайдын жайыты», «Уркуя», «Көк серек», «Кызыл алма», «Алтын күз», «Кожожаш» сыяктуу чыгармалары менен маданий мурастын алтын казынасына кирген. Анын ысмы 2002-жылы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясына ыйгарылган.
Источник – Министерство культуры, информации, спорта и молодежной политики Кыргызской Республики
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: