Эл аралык жана мамлекеттик маанидеги Түп-Кеген жолун куруучулар нааразычылык акциясын уюштурат. Анткени, 2007-жылы 76 чакырымды толук салуу үчүн план коюулса курулуш иштери көп жылга созулду. Бул тууралуу жалданган мекеменин башкы директору Динара Мотураева билдирди.

Маалыматка ылайык, капиталдык оңдоп түзөөгө 3 жылдык мөөнөт каралган. Бирок каражаттын жоктугунан иш 12 жылга созулуп 39унчу гана чакырымы бүттү. Мындан улам бүгүн 18-июнда нааразычылык акциясына чыгышат.

“Жолдун узундугу жалпысынан 76 км жасалышы керек болсо, 12 жылдан бери 39 чакырымы гана салынган. Каржылоо өз учурунда болбогондуктан иш толук аткарылбай келет. Биз жол салып жатабыз. Негизи жолду мамлекеттик баланска өткөрүп бергенден кийин 5 жылга кепилдик беребиз. 12 жылдан бери салган жолубуздун башы кайрадан бузула баштады. Бул жагынан биз чыгым тартып жатабыз. Каражат жок болгондон улам 50 даана техника 100 ашуун жумушчу жумушу жок калууда. Мындан улам эртен жол салуучуу ишкерлер жана Түп районун салынып жаткан жол жээктеги айыл тургундары нааразычлыкка чыгабыз”- дейт Мотураева.

Ошондой эле компаниянын жетекчиси долбоор бонча 39 чакырым жолдун тиешелүү жол белгилерин, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар, аялдамаларын, сигналдык белгилерин салуу үчүн дагы 200 млн сом каражат керектелерин кошумчалайт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.