Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов турак жайга алынган ссудасын толук төлөйт. Бул чечими боюнча өлкөнүн башкы финансисти, бүгүн 26-февралда айтты.
Анын айтымында, ссуданын эсептен чыгарылган бөлүгүн коомчулук катуу талкууга алгандан кийин Башкы прокуратура тарабынан текшерүү башталган. Банктын башкармалыгы мыйзам түрүндө чечим кабыл алганына карабай, Абдыгулов ссуданын калган бөлүгүн толугу менен төлөп берүү чечичин кабыл алган.
Эскертсек, Абдыгулов турак жай сатып алууга 6 миллион сом алган. Ал Сапар Исаковдун өкмөтүндө вице-премьер-министрдин кызматына дайындалгандан кийин Улуттук банктын башкармалыгы ссуданы эсептен чыгаргын. Ал учурда Толкунбек Абдыгулов 4 млн сом толөп бермек.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: