Ысык-Көл районунан орун алган Казакстан мамлекетине тиешелүү 4 пансионат калыбына келтирилет. Анткени аталган эс алуу жайлардын эскилиги жетип, оӊдоп түзөөгө муктаж. Бул боюнча казак-кыргыз бийлигинин эки тараптуу жолугушуусунда белгилүү болду.

Казакстандын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Карим Кокрекбаев союз учурунан бери «КазГу», «Автомобилист», «Самал» жана «Казакстан» санаторийи иштеп келе жатканын бышыктады. Бирок, азыркы талапка ылайык эс алуу жайлардын инфротүзүмдүк шарттары начардап, финансы-экономикалык салымды талап кылууда, деген. Ал эми бул маселеге жегиликтүү бийлик өкүлдөрү жумуш орундар менен камсыз кылуу шарттарды түзүп берерин убадалашты.

«Казак-кыргыз элинин жолугушуусунда жергиликтүү бийликтегилер, жеке ишкерлер жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү да келишти. Негизги маселе союз учурунан бери иштетип келе жаткан коӊшу өлкөнүн пансионаттарын жаӊылоо, эки өлкөнүн ортосундагы экспорт жана импорт жолдору, туризм багытын да талкууладык. Эгер коӊшу өлкө тарабынан эс алуу жайларга финансылык салым кошсо, биз жумушчу күчтү камсыздоого даярбыз», – деди аким Иманалиев.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.