Түркия мамлекетиндеги ишкерлер Ысык-Көлгө инвестиция кылууну көздөйт. Анткени, аймакта туризм багытында өнүгө турган, жер алдынан чыккан радон сууларды заманбап шартта иштетүүнүн келечеги бар.
Бул боюнча Түркияда минералдык сууларды иштеткен Мехмед Али Доган, алгач облустагы туризм тармагы менен таанышып чыккан. Башка мамлекеттерге салыштырмалуу заманбап үлгүдөгү пансионаттар аз санда болгондуктан, келечете иш тажрыйбасын бөлүшүүгө кызыктар.
«Биздин мамлекет азыр туризм боюнча өнүккөн өлкөлөрдүн катарында. Албетте, ошондой шартта Кыргызстанды да гүлдөтсө болот. Биздин баамыбызча Ысык-Көлдө жана Жалал-Абад облусунда табийгый дарылык касиетке ээ, ысык суулар бар экен. Ал жергиликтүү жашоочуларга, туристтер үчүн да келечеги чоӊ. Эгер кыргыз өкмөтү колдоо көргөзүп, шарт түзүп берсе, биз ири суммада акча жумшоого даярбыз»,- деди инвестор.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: