Ысык-Көл облусундагы Тамчыда эл аралык аба каттамы 23-июндан баштап иштеп баштады. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун маалымат катчысы Алия Курбанова билдирди.

Анын айтымында, жайкы туристтик мезгилге карата бул жылы жумасына Оштон 4 жолу каттайт. Ал эми Алматыдан 2, Новосибирскден 1 жана Ташкенттен 1 жолу учак учат.

“Тамчы эл аралык аэропорту бул учурга чейин бир катар даярдык иштерин жүргүзгөн. Сезонго карата алгачкы рейс 23-июнда Орусиянын Новосибирск шаарынан учуп келди. Ал эми эртең 27- июнда Ташкенттен, 28-июнда Ош жана Казакстандан учагы каттап баштайт”,-деди Курбанова.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.