Каракол шаарында жаӊы жылдык эс алууга карата мейманканалардын 90%ы толду. Анын ичинен Каракол тоо лыжа базанына жайгашкандар келе жаткан 2019-жылы тозууну пландап жатышат.
Испаниядан келген 40 жаштагы Карлос Антонио Кыргызстанга быйыл экинчи жолу келип, жаӊы жылды үй бүлөсу менен тозмой болду.
«Мен буга чейин бардык тоо лыжа базаларга барып, кыдырып көрдүм. Акыркы жолу Каракол лыжа базасына келип, бул жактын табиятын жактырдым. Ошондуктан бул жылы үй бүлөмдү алып келип, эс алууну чоогу өткөрүп жатабыз. Биз 10 күндүк тур менен келгендиктен алдыда жаӊы жыл туура келип калат экен. Дал ушул 2019-жылы тоо лыжа базадан тозолу деп жатабыз. Ушундай шарт түзгөн кыргыз элине ыразычылык билдирем»,-деди Антонио.
Ал эми Каракол тоо лыжа базасынын аткаруучу жетекчиси Евгения Ковалева жаӊы жылдык салтанатты азырынча 50гө жакын турист тоодон тозоору белгилүү болгондугун ырастады. Ал эми майрамдык, эс алуу күндөргө карата жайгашуу орундар эрте алынып жаткандыктан, орундар чектеле баштаганын айтат.
«Келе жаткан 2019- жаӊы жылды азырынча 50гө жакын турист тозору белгилүү болду. Биз тарап меймандарга кечкисин майрамдык шаӊ уютуруп беребиз деп пландап жатабыз. Эӊ негизгиси быйылкы кышта кар көп жаады. Туристтер өткөн жылга салыштырмалуу арбын. Алдыда орундар чектелүу болсо да баалар өзгөрбөйт»,- деди Ковалева.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: