Ысык-Көлдө жайкы туристтик мезгилди ийгиликтүү өткөрүүгө милиция кызматкерлери коомчулук арасында профилактикалык иштерди жүргүзүүдө. Быйыл район, шаарлар арасында коопсуздукту жалпы миӊден ашык кызматкер көзөмөлдөйт. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.
Анын айтымында, аймактык күч түзүмүнө кошумча Бишкек шаарындагы кызматкерлер жардамга келип, убактылуу штабдар түзүлдү. Ушул тапта курорттук аймактардагы жашоочуларга эскертүү берилип, туристтерден сурамжы жүргүзүлуүдө.
«Быйылкы жайкы туристтик мезгилди тынч өткөрүү үчүн коопсуздук маселеси күчөтүлгөн тартипте көзөмөлгө алынат. Аймакта жалпы 212 курорттук ден соолукту чыӊдоочу жай болсо анын 182 Ысык-Көл районунда жайгашкан. Ошого байланыштуу райондук нөөмөт бөлүмдөрүнөн сырткары кошумча штабдар түзүлүп, туристтерди чет тилинде кабыл алууга басым жасалат»,- деди Усубакунов.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: