Ысык-Көл облусундагы “Каркыра – унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү пункту бүгүн, 1-майдан баштап ачылды. Бул тууралуу Ѳкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Каркыра – унаа жолу” өткөрүү пункту жайкы туризмге карата күндүзгү 8:00ден, кечки саат 18:00гө чейин 6 ай мөөнөттө иш алып барат. Анда өткөрүү пункт жөө адамдарга жана жеӊил авто унаа элээрине гана уруксаат берет.

«Жыл өткөн сайын тоо туризм өнүгүп, экологияга кызыккандар арбыды. Ошого байланыштуу казак-кыргыз чек ара кызматкердери жыл сайын өткөрүү пунктун ачууга мезгилдик иш алып барып келет. Ал эми кышкы мөөнөттө өткөрүү пункту жабылганынын себеби, тоолу аймакта кар көп жаткандыктан унаа менен өтүүгө мүмкүнчүлүк жок, жабылат»,- деди Ж.Кожоев.

Айта кетсек, аталган көзөмөл-өткөрүү пункту Ысык-Көл облусунун Түп районунда Кыргыз-Казак чек арасында жайгашкан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.