Ысык-Көлгө кышында ички жана сырттан келген туристтердин саны 25- 40 миӊге жетери пландалган. Быйылкы сезондо эс алуучулар Каракол лыжа базасында активдүү болсо, фрирайдка кызыккандар Жыргалаӊ тоосунан орун алды. Каракол тоо лыжа базасынын жетекчиси Валерий Буйковдун айтымында туризм үч айды артка таштап, март айы менен жыйынтыкталганы турат.
Анализдеп караганда эс алуучулардын 60 пайыздан ашыгы ички туристтерди камтыды.
«Ѳткөн жылдын соӊунда чет өлкөдөн келген жарандар биздин лыжа базага көп келишсе, жыл жаӊыргандан тарта Россия, Казакстан жана батыш өлкөлөрдүн лыжа сүйүүчүлөр сапарын Жыргалаӊда улантышты. Себеби киши баспаган жерден лыжа тебип, фрирайдка чыккандар көп. Ал эми биздин конокторубуздүн күнүӊкү келген санын эсептеген жокпуз. Бул жылы коноктордун басымдуусу ички туристтерди камтыды. Алды Бишкектен, Нарын, Чүйдн келсе, аркасы Ош, Жалал-Абад аймактарын түздү. Жалпылап айтканда кышкы сезон жылдагыдай, аба ырайы туруктуу сакталды»,- деди Буйков.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: