III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюундары өткөн Ысык-Көл облусунун Кырчын этношаарчасындагы ажатканаларды көлдүн айланасына коюуу пландалууда. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында бул аракет Ысык-Көлгө келе жаткан туристердин муктаждыгын чечүү негизги максат болуп саналат. Азыркы тапта жайлоодогу дааратканаларды алуу үчүн өкмөттөн уруксаат суралууда.

“Кырчын этно шаарчасына быйыл 8 чоӊ даараткана салынса, мурдагыдан 7 ажааткана бар эле. Ошолорду көлдүн айланасына орнотуу үчүн биз өкмөткө сунуш кылып жатабыз. Анткени бизде көчмөндөр оюндары жакын арада өтпөйт. Ошондуктан ошол 15 даараткананы жолдун бойлоруна койсок деген планыбы бар. Бирок, аларга суу чыгаруу үчүн акча керектелет. Андан сырткары кароосу кандай болот ушул маселелерди чечүү керек. Эгер жогору жактан уруксаат берилсе ишке ашырсак болот”,- деди Осмоналиев.

Эске сала кетсек, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата Кырчын жайлоосуна курулган 8 даараткананын жалпы баасы 2 миллион 301 миң 700 сомду түзгөн.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.