Ысык-Көлдө жайкы туристтик мезгилине карата эс алуу жайлар арасында даярдыктар башталды. Алкагында экологиялык, техникалык жана санитардык талаптарды өз учурунда аткарып, 1-июнга чейин паспорт алуу тапшырмасы коюлду.

Анткени, жыл сайын эс алуу жайлар паспорт алуу мөөнөтүн создуктуруп, бир катар тосколдуктар жаралып келчү. Андыктан быйылкы эс алуу мезгилинде келе турган меймандарга ойдогудай шарт түзүп, коомдук коопсуздуктун сакталуусу да эске алынышы керек. Бул боюнча Ѳкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев Ысык-Көл районундагы 150дөн ашуун пансионат ээлери менен болгон жыйналышта баса белгиледи.

«Быйыл жайкы туризм тынч жана ойдогудай өткөрүү керек. Анткени 2018-жылы III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнун эсепке алганда облуска 1 миллионго жакын турист келгендиги аныкталса, аларга бир катар жарнама болгон. Ошондуктан ар бир эс алуу жайлар паспорт алуу мөөнөтүнөн кечикпей, санитардык көзөмөл органдары, экотехинспекциясы койгон талаптарды өз мезгилинде аткарууга тийиш. Бул жерде мурдагыдай бут тозуу деген маселеси жаралбашы керек»,- деди өкүл.

Эске сала кетсек, өткөн 2018-жылы Ысык-Көл районундагы 160 пансионаттын ичинен «Академия наук», «Кооператор», «Телтору»,«Саякат» эс алуу жайлары талапты аткарбаган үчүн паспорт берилген эмес.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.