Жайкы туристтик мезгилге карата Ысык-Көл районундагы пансионаттардын даярдыгын мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциясы текшерүүдө. Бул жылга уруксаат кагаздар экологиялык, өрт жана суу боюнча техникалык талапттардын негизинде берилет. Анын алкагында өрт кырсыгынын алдын алуу жана кырдаалдан чыгуу окуулары, суу үстүндө машыгуулар, көлдүн тазалыгынан анализ алынат. Инспекциянын Ысык-Көл, Балыкчы, Тоң райондору боюнча өрт коопсуздугунан Марат Мусакожоев бул жылы өзгөчө эскертүү берилип жатканын билдирди.

“Тилсиз жоонун алдын алууга райондо жалпы 9 өрт өчүрүү унаалар иштейт. Учурда пансионаттарда биринчи жардам берүүчү суу түтүктөр, керектелүүчү шаймандар орнотууга талап коюп жатабыз. Жеке менчик коттедждерге унаа кире албайт. Алардын дарбазасын ачтырууга да түшүндүрмө берилүүдө”,-деди Мусакожоев.

Эске сала кетсек, өткөн жылы 7 эс алуу жайда өрт чыккан. Бул сыяктуу эле экологиялык техникалык талапты аткарбаган пансионаттарга 1 миң 554 протокол түзүлүп, 8 млн 300 миң сомго айып салынса, 9 миллион сомдон ашык доо коюлган. Ал эми 2017-2018-жылдары райондогу 168 пансионаттын 14 саркынды сууну чыпкалоочу жайы жок ишин токтотсо, өткөн жылы 4 эс алуу жай кайрадан иштеп баштаган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.