Ысык-Көлдө жайкы туризмге карата Балыкчы-Ташкент-Бишкек темир жолу 6-июндан баштап иштеп баштайт. Бул боюнча КР Ѳкмөтүнүн вице-премьер министри Алтынай Ѳмүрбекова маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, поезд каттап баштаганга чейин Балыкчы шаарындагы темир жол автобекеттинин инфрастуруктурасын жакшыртуу керек.

«Темир жол каттамы жакынкы арада ишке киришет. Туристтер ойдогудай эс алып кетүүсү үчүн биринчи кезекте автобекеттердин абалын жакшыртуу керек. Оӊдоп-түзөө иштери жалгыз гана транспорт жана коммуникация министрлигине тиешелүү эмес. Ага Ысык-Көл районунун акими, Чолпон-Ата, Балыкчы шаарларынын мэрлери жардам көргөзүүсү керек»,- деди Ѳмүрбекова.

Бул боюнча Транспорт жана коммуникация министрлигинин жол чарба департаментинин Ысык-Көлдөгү башчысы Кудайкул Күчүков Балыкчы автобекетинин айланасында санитардык талаптар аткарылганын белгиледи. Ошол эле мезгилде келген туристтерди көпкө күттүрбөй атайын автобустар каалаган багытка жеткирет.

«Бүгүнкү күндө темир жолдун тегереги оӊдолуп, сырдоо иштери бүттү. Алдыда Балыкчы- темир жолу менен автобекеттерди жана башка багытка чыгы кетүүчү жол каттамы сүйлөшүлүп, келген меймандарды автобустар ташымай болду. Темир жол аркылуу Европадан, Казксатан Орусия жана Ѳзбекистандан туристтер келсе унаалар Жети-Ѳгүз, Каракол жана Чолпон-Ата шаарына жеткирүүгө даяр»,- деди Күчүков.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.