Ысык-Көл облусунда 100 дөн ашык жерде термалдык булактар бар болсо, анын 20 га жакыны иштейт. Алдыда туризмди өнүктүрүү максатында Ысык-Көлдүн продукциясы катары ысык сууларды иштетүү планы киргизилди. Бул боюнча маданият маалымат жана туризм министрлгинин алдындагы туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу билдирди.

Анын айтымында, термалдук сууларды жер алдынан чыгарып, бассейиндерди куруу мерчеми 2019-2023-жылдарга карата министрлик кабыл алган долбоорунун алкагында ишке ашмакчы. Анткени туристтерди жаратылыш менен чектебей, кечкисин өзгөчө эс алууга да шарт түзүү керек.

«Ѳлкө боюнча туризмдин сап башында Ысык-Көл облусу турат. Азыркы тапта келген меймандарга жаратылышты көргөзүү менен чектелип калдык. Мисалы чет элдик жарандар күндүзгү убактысын тоого чыгып, көлгө түшүү менен өткөрсө, кечки убакыт бош калат. Ошондуктан аймактагы жер алдынан чыккан термалдык, радон сууларды өнүктүрүнү пландап жатабыз»,-деди ал.

Ал эми радон сууларын жер алдынан казып чыгарып, бассейиндерди өнүктүрүүнү көздөгөн ишкерлер өкмөттүк деӊгээлде колдоо болсо жеӊил болоорун билдиришет. Ден соолукту чыӊдоочу комплексти тез жана заманбап түрдө куруш үчүн үстөк пайызы аз, узак мөөнөттүк насыя алууну көздөшөт.

«Биз Ѳрүктү айылындагы керемет суусун иштеткенибизге 10 жылдан ашык убакыт болду. Албетте ишти алып кетүү оӊой болгон жок. Биринчиден жерди мыйзамдаштыруу, 1700 метр тереӊдиктен минералдык сууну алып чыгаруу, эс алуучуларга ойдогудай шарт түзүү сыяктуу эмгекте тилап кылды. Эми алдыда облус боюнча ысык сууларды өнүктүрүү үчүн мамлекеттик деӊгээлде шарт түзүлсө, ишкерлерге бир топ жеӊил болмок»,-деди керемет суунун администратору Асылбек Мусабаев.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.