Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарына келген чет элдик туристтер кол өнөрчүлүккө кызыктар. Бүгүн Бразилиядан келген 8 эс алуучу кийиз жасаганды үйрөнүштү. Кол өнөрчулүктү уюштуруп берген «Толгонай эне» КБ жетекчиси Дамира Абдыбекова улуттук буюм тайымдарды жасоо туристтерге бекер уюшуларын белгиледи.

Анткени, чет мамлекеттен келген меймандар мастер-класстарды үйрөнүү менен катар Каракол шаарына экономикалык жактан пайда алып келүүдө.

«Каракол шаары 4 мезгил бою туристтерди кабыл алууга мүмкүнчүлүлүгү бар. Айрыкча батыш жана алыскы мамлекеттерден келген коноктор жер көрүү менен чектелбейт. Алар улуттук тамак аш, кол өнөрчүлүккө, буюм-тайымдарды көрүп кетүүгө да кызыктар. Ошондуктан кийизден жасала турган бардык сувенирлерге мастер-класстарды уюштурабыз. Бүгүнкү келген туристтер узуну 1 метр, туурасы 70 см болгон кийиз жасап, ага өз мамлекетинин атын түшүрүштү. Ушул сыяктуу даярдалган эмгекти биз белек катары тапшырабыз. Демек, кол өнөрчүлүккө кызыккандар андан ары жүндөн даярдалган шляпа, калпак, бут кийим, сумка жана башка сувенерлерди сатып алышы мүмкүн»,-деди Абдыбекова.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.