Ысык-Көл облусундагы Сарычат-Ээрташ мамлекеттик коругундагы жапайы жаныбарларга чет жерден келген туристтер кызыгуусун арттырууда. Бул боюнча Кытай чек арасына чектеш Ак-Шыйрак айыл аймагынын тургундары чакан конок үйүн салып, этно туризмди өнүктүрүү аракетинин үстүндө.

Айылдык кеӊештин депутаты Эмилбек Курманалиевдин айтымында өткөн жылы бул идеяны ойлоп таап, 8 орундуу конок үйүн ачкан. Бүгүнкү күндө АКШнын 6 туристтик фирмалары менен иштешип конокторду түздөн түз кабыл алууда. Учурда айылдын жаштары чет тилин үйрөнүп, келген меймандарга ат үстүндө жандуу жаратылышты көрсөтүүнү көздөшөт.

«Менин өзүмдүн иш тажрыйбам экологияга жакын болгондуктан, жандуу жаратылышка байланышкан бул идеяны ишке ашырдым. Анткени биз жашаган бийик тоолу аймакта кызыл китепке кирген ак илбирс, тоо текелер, аркар кулжалар байырлашат. Ошондуктан туристтер жаныбарларды жакындан көрүүсүн самашат. Биз азыркы тапта конок үйдү, 3 маал тамак ашын жана ат мингизүү шартын түзүп жатабыз», -деди Курманалиев.

Ал эми Ысык-Көл облусунун жетекчиси Акылбек Осмоналиев бул жылы этно туризмге көӊүл буруларын кошумчалады. Анткени чет өлкөлүк туристтер мурда көлгө, тоого, лыжа базага кызыктар болуп келсе, эми кыргыз элинин каада салтына, турмуш тиричилигине, жандуу жаратылышка кызыктар.

«Ѳлкөгө акыркы жылдардан бери сырттан келген меймандардын саны көбөйүп жаткандыгы байкалууда. Бул да болсо Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюнун өткөрүүнүн жыйынтыгы болсо керек. Ошондуктан биз быйылкы жылы жайкысын Ысык-Көл менен чектелбей эко туризм, этно туризмди да өнүктүрүүбүз зарыл. Туристтер болгону коно турган үйдө тазалыкка, даараткана, сууга гана көӊүл бурушат. Жайлоодо жашаган ар бир адам аларга ат мингизип акча таба алса болот. Келечекте Ысык-Көлдүн тескей тоолору аркылуу Түштүк тарапка ат менен ашуу турун да уюштуруу планы бар», -деди Осмоналиев.

Маалымдай кетсек, Сарычат-Ээрташ мамлекеттик коругунда 2018- жылдын жыйынтыгы менен 2 миң 940 аркар-кулжа, 1 миң 630 эчки-теке, 24 илбирс жана 12 миңден ашуун суур бар экени аныкталган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.