Ысык-Көл облусуна жайкы жана кышкы туризм боюнча 5 маалыматтык борбор ачылат. Анын алкагында чет өлкөдөн келген меймандар үчүн компьютер, интернет түйүнү, маалымат такталар жана чакан ашкана камтылаары пландалууда. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун жетекчиси билдирди.

Акылбек Осмоналиевдин айтымында туристтик маалымат борборлору ар бир районго бирден камтылат. Азыркы тапта маалымат берүүчү коомдук жайларды ачуу үчүн дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүгузүлүүдө. Бул иш план келечекте чет өлкөлүк меймандардын санын көбөйтүп маалымат алууга жеӊилдик түзөт.

«Быйылкы «Аймактарды өнүктүрүү жана снаиптештирүү» жылдыгына карата туризмди өнүктүрүү да чоӊ мааниге ээ. Анткени Ысык-Көл жайы кышы 4 мезгил меймандарды тозууга потенциалы бар. Акыркы жылдардан бери тарыхый баалулуктар да каралууда. Ошонуктан бул жылы ар бир районго бирден маалымат борборун ачууну планга киргиздик. Борбордон каалаган турист келип, эс алып, интернет аркылуу оӊой маалымат алып кете алышат», -деди ал.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.