Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 74 жылдыгынын урматына, ошондой эле Улуу Жеңишке салым кошкон жарандарга терең сый-урмат көрсөтүп, ардагерлерге 20 миң сом өлчөмүндө бир жолку акчалай жөлөкпул төлөөгө 7 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Бир жолку акчалай жөлөкпул Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана катышуучуларына бөлүндү.

Андан сырткары, жеңиш күнүнө согуштун ардагерлерине жылына өкмөт тарабынан 15 миң сом бир жолку төлөнүүчү жөлөкпул төлөнөт. Жеңиш күнүнө Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан 2019-жылы согуштун ардагерлерине 15 миң  сом бир жолку төлөнүүчү жөлөкпул төлөнөт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.