Тоӊ районунун Кара-Коо айылына узуну 42, туурасы 38 метр аянтты ээлеген спорттук жай ишке берилди. Курулуш иштерине 15,5 миллион сом сарпталып, «Ысык-Көлдү өнүктүрүү» фондусу баштан аяк каржылады. Бул боюнча маалыматты Ак-Терек айыл аймагынын убактылуу башчысы Акылбек Турганбаев билдирди.

Анын айтымында, имараттын курулушу 2014-жылдын декабрь айында башталган. Бүгүнкү күндө спорттун футбол, баскетбол, волейбол жана күрөштүн түрлөү боюнча 4 миӊ адам машыгууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

«Ак-Терек айыл аймагынын Кара-Коо кыштагында жашагандар бул учурга чейин спорттук мелдештерди, машыгууларды сыртка уюштуруп келишчу. Айрыкча жаан чачын болгондо калкка бир топ кыйынчылык жартты. Быйылкы жыл менен жаӊы спорт залдын ишке берилүүсү жаштарга өзгөчө демилге берүүдө. Жергиликтүү кеӊештин токтому менен бул спорттук комплекске Апрель революциясынын баатыры Айтбек Сагынаевдин ысымы айгарылды»,-деди айыл башчы.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.