Ысык-Көл облусунда жыл башынан бери 2 185 жол эрежеси бузулду. Түзүлгөн протоколдун негизинде 106 мас айдоочу эӊ көп айып пулга жыгылды. Бул тууралу облустук ЖККК башкарамалыгынан Мирлан Аким уулу билдирди.

Анын берген маалыматында, жол кырсыктарынын алдын алууда «Бузуулар» Кодексинин 8 категориясы менен 1 миӊ сомдон 17,500 миӊ сомго чейин айып салынды. Азыркы тапта айрым гана айдоочулар төлөсө, рулду мас абалында башкаргандарга туум өсүүдө. А ортодо 36 жол кырсыгы катталып, адам өмүрлөрү кыйылды.

«Январь, февраль айларында катталган жол кырсыктын кесепетинен 91 адам денесинен жаракат алып, 10 адам набыт болду. Ѳткөн жылга салыштырмалуу 2 кырсыкка көп. Азыркы тапта унаалардын кагылышуусун, бак сүзүү фактыларын жана ылдамдыкты чектөө үчүн тиешелүү иштерди жүргүзүүдөбүз»,-деди Аким уулу.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.