2018-жылдын туристтик мезгилинде коопсуздукту ИИМнин 3 миң кызматкери камсыздайт. Бул тууралуу ИИМнин басма сөз кызматы билдирет.
Маалымат боюнча 3 миң кызматкерден сырткары, ИИМне 2 миң дружинник жардам берет. Ысык-Көл облусуна ИИМнин атайын полку жиберилет, анын курамында 200 кызматкер.
2018-жылдын туристтик мезгилинде «Кордай (Казахстан) – Бишкек»,
«Аэропорт «Манас» – Бишкек», «Северная объездная – Бишкек», «Бишкек
-Балыкчы – Чолпон-Ата – Каракол» унаа жолдорунда кайгуул милициянын посттору уюштурулат. Экипаждардын баары POS-терминалдар менен камсыздалган.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: