Ысык-Көл облусундагы маданият үйлөрүнүн 70%дан ашыгы капиталдык оӊдоп түзөөнү талап кылат. Анын катарында Тоӊ районунун Көк-Мойнок айылынын клубунун имараты эскирип, кышкысын иш чара өткөрүүгө мүмкүн эмес. Бул тууралуу аталган кыштактын маданият үйүнүн башчысы Ажар Бейшебаева билдиди.

Анын айтымында маданий иш чараларды кышкысын мектепке, жайкысын сыртка өткөрүүгө туура келет. Анткени клубдун ичинде шарт жок.

«Көк-Мойнок айылындагы маданият үйү 1958-жылы курулгандыктан, азыр абдан эскирди. Жаӊы салууга каражат жок. Ошондуктан мен жалгыз эле иш алып барам. Эгер акча каражат табылып, заманбап шартта оӊдолуп калса элге да жакшы болмок», деди ал.

Ошондой эле Каракол шаарындагы К.Жантөшев атындагы музыкалык драм театры капиталдык оӊдоп түзөөгө муктаж. Анын себебин театрдын жетекчиси Курсант Абдрахманов төмөндөгүдөй кабарлады.

«Музыкалык театр 36 жыл мурда курулуп, андан бери бир да жолу капиталдык оӊдоо болгон эмес. Азыркы күнгө чейин өзүбүздүн атайын эсептеги акча каражаты аркылуу косметикалык оӊдоолорду жүргүзү келгенбиз. Мындан 2 ай мурун, ЖК социалдык комитетинин көчмө жыйыны болгондо ремонт иштери тууралуу эксперттер келип, театрдын абалын көрүп кетишкен. Ошондо имараттын чатырын жабуу жана башка капиталдык оӊдоп түзөө боюнча комитетке киргизген. Натыйжада 2019-жылдын июнь айына чейин театрыбыз оӊдоп түзөө планына кирет деген план коюлган. Андан сырткары техникалык материалдарды толуктоо боюнча да каралган. Эгер акча каражаты болуп калса келээрки жылы толук кандуу бүткөрүлөт деген ой бар. Мунун бир себеби жеке эле көрүүчүлөргө эмес маданият тармагында эмгектенген кызматкерлерге шарт түзүү болуп саналат», деди ал.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.