Каракол шаарындагы “Бугу эне” аталышындагы айбанаттар багындагы жаныбарларга 5 миң доллардык жардам көрсөтүлдү.
Карантиндик өзгөчө кырдаал режимине ылайык, бул акча каражатка кум шекер, жем азыктары накталай алынып берилди.
“Биздин ишканага өкмөттүн облустагы өкүлү кайрылып, зоопаркка жардам берүүбүздү өтүнгөн эле. Ошол кайрылуунун негизинде биздин жетекчилик каражат бөлүүнү чечип, 5миң доллар карап берди. Бул каражатка зоопарктагы жандыктарга керектүү болгон бардык азык алынат”, – деди “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын облустагы өкүлү Кеңешбек Дүйшөмбиев.
Белгилей кетсек, учурда бул зоопаркта 150 жаныбар бар.
Поделиться:
Окшош жаңылыктар
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: