Ысык-Көлдүн жер-жерлеринде кышка карата көмүр масаалык түрдө сатыла баштады. Акыркы бир айга салыштырмалуу кара алтынга болгон баалар 5%га жогорулады. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнөн Фархад Чегебаев билдирди.
Анын маалыматында 18-сентябрдан- 18-октябрга чейин көмүрдүн баасы 300 сомго көтөрүлгөн. Учурда Караколдун 11 жеринде Казакстандан келген шабыркүлдүн баасы 6 миӊ, кара- жыра 5 800 сомдон сатылууда. Ал эми кыргыз көмүрүнөн Миӊ-Куш, Турук , Беш-Сары, Кара-Кече көмүрлөрү 4500дөн- 5 миӊге чейинки наркты түзөт.
«Быйылкы жылы көмүргө болгон бааларды атайын бекитүү үчүн өкмөт токтом чыгара элек. Ошентсе да, баалардын 20 пайызга чейин өсүп кетпеши үчүн күн сайын көзөмөлдө иштерин жүргүзүп жатабыз. Азырынча 5 % га көтөрүлдү», – деди Чегебаев.
Ал эми жергиликтүү жашоочулар баалар көмүрдүн сапатына жараша болуп жаткандыгын айтышат. Алардын бири Жети-Ѳгүз районунун Ырдык айылынын 63 жаштагы тургуну Бапа Дүйшөбеков кыргыз көмүрү арзан болгону менен сапаты жакшы эмес, ал эми Казакстандан келген көмүрдү алууга чамабыз жетпейт деди.
«Көмүргө болгон баалар жылдагыдай эле кымбат. Айрыкча Шабыркүл, Кара жыра көмүрлөрү эч качан ылдыйкы баада сатылбайт. Ушул маселени өкмөттүк деӊгээлде карап чечип берип коюшса жакшы болмок. Бир жылда 2 тоннадан ашык көмүр жаксап, сатып алганда карапайым эл үчүн кымбат эле», – деди Дүйшөбеков.
Маалымдай кетсек, Балыкчы шаарындагы 3 чоӊ базадан тараган көмүрлөр жеке ишкерлерге 2800- 4300 сомго чейин сатылат.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: