КР өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү Түштүк Кореядан келген провинциянын өкүлдөрү менен жолукту. Анда карым катнашты бекемдөө, кызматташтык боюнча эки тараптуу келишимге кол коюлду.
Келишимдин негизинде Ысык-Көл жана Түштүк Кореянын карым катнашын күчөтүү, эл аралык экономикалык форумдарга чакыруу, туризмге жол ачуу жана облус менен провинциянын ортосунда кызматташтыгы каралган. Анын алкагында келээрки 2019-жылдын күз айларына Ысык-Көлдүн делегациясы форумга чакырылды.
«Эки тараптуу кол коюудан кийин Түштүк Кореянын өкүлдөрү бизди форумга чакырды. Менин оюмча Ысык-Көлдө деле бир нече иш чаралар өтсө аларды да чакырабыз. Карым катнашты күчөтүнүн жолу бизде экологиялык таза продукцияны экспорттоого шарт түзүлөт. Ал эми биз тарапка эко, этно, жайкы жана кышкы туризмди өнүктүрүүгө туристтерди чакырсак болот. Айтайын дегеним, облустун райондорунда буга чейин деле кызматташтык алакасы бар болчу. Эми кандай гана шарт болбосун облустун продуксиясын колдонуп, өнүгүүнүн жолун пайдаланып калышыбыз керек», – деди облус жетекчиси Акылбек Осмоналиев.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: