Ысык-Көл облусунда жаӊы жылдык майрамга карата 800 милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Бул тууралуу ОИИБ башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Маалыматка ылайык, коомдук коопсуздук тартибин сактоо иши 30-декабрдан башталат. Анда калк көп жайгашкан жер, соода-түйүн айланасы, коомдук жайлар, оюн клубдар, мейманканалар жана көп кабаттуу үйлөрдүн көзөмөлгө алынат.

«Жаӊы жылдык майрамда, район шаарларда тигилген балатылардын айланасына, коомдук жайларга эл көп чогулат. Ошондуктан коопсуздукту сактоо максатында милиция кызматкерлер күчөтүлгөӊ тартипте иш алып барышат. Бул боюнча облустук ИИБ жетекчилиги тиешелүү буйрук менен тапшырма берди», – дейт Усубакунов.

Мындан сырткары жол кыймылын көзөмөлгө алуучу инспектрлор да тартылат. Анда жол кырсыгынын алдын алуу максатында аймакта 13 пост түзүлүп, 31 экипаж иш алып барат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.