Ысык-Көл облусунда жаӊы жылдык майрамга карата мыйзамсыз балаты кыйгандарга чара көрүлөт. Контролдук текшерүүгө аймактагы жаратылыш паркынан, мамлекеттик коруктун кызматкерлери, токой чарбалары жана аӊчылыкты сүйүүчүлөр татылат. Учурда атайын мобилдик топ түзүлүп, 10-31-декабрга чейин иш алып барарын Ысык-Көл биосфералык дирекциясынын башчысынын орун басары Мирлан Скаков билдирди.
Анын айтымында жогоруда аталган кызматкерлер тарабынан түзүлгөн мобилдүү топтор кошумча тосмолорду уюштуруу менен иш алып барышат.
«Жаӊы жылдык майрамга карата жыл сайын, балатыны кыюуга бөгөт коюу иштери жүргүзүлүп келет. Азыркы тапта рейд жаӊыдан башталды. Эгер 20 күндүн ичинде мыйзамсыз ийне жалбыракты кыйгандар болсо, аларга протокол түзүлүп, карагайдын узун туурасына, диаметрине жараша айып пул салынат», -деди ал.
Мобилдик топтордун ичинде Каракол токой чарбасы да иш алып барат. Аталган токой чарбанын жетекчилиги азырынча мыйзамсыз факт катталбаганын маалымдайт. Аны менен катар жергиликтүү тургундарга жана мамлекеттик кызматкердерге төмөндөгүдөй кайрылат.
«Биздин токой чарбада жыл сайын карагайларды өстүрүү иштери жүгүзүлөт. Жылыга 100-200 даанага чейин балатыны тамыры менен топуракка салып бере алабыз. Баалары 600-900 сомго чейин. Аны майрам бүткөндөн кийин жерге отургузуп койсо пайдалуу болот эле. Ошондуктан жергиликтүү жашоочуларга мыйзамсыз балатыны кыйып, жок кылбоого чакырабыз», -деди Жыргалбек Абдылдаев.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: