Ысык-Көлдө кышкы туризм боюнча эс алууга келген чет элдик жарандарга милиция кызматкерлери сапаттуу кызмат көрсөтөт. Анкени облустук ИИБ өздүк курамынан 100гө жакын кызматкер ыктыярдуу түрдө англис тилин үйрөнүшкөн. Бул тууралуу ички иштер башкармалыктын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Маалыматка ылайык, 2018-2019-жылдагы кышкы туризмде лыжа базага келген эс алуучулардын коосуздугу үчүн кызматкерлер тиешелүү деӊгээлде иш алып барат. Эгер кандайдыр бир жардам сурап кайрылган чет элдик жарандар болсо, оӊой түрдө жардам берилет. Анткени бул багытта жайкы туризмде бир топ тажрыйба жүргүзүлгөн.

“Ысык-Көлдө үстүбүздөгү жылдын жай мезгилинен бери милиция кызматкерлер мугалимдерден атайын билим алышкан. Анда өзүбүздүн күнүмдүк турушта колдонула турган сөздөрдү, пикир алмашууну үйрөнө алышты. Бүгүнкү күндө 100 кызматкердин ичинен 10го жакыны эркин сүйлөйт. Анткени алар жайкы туризмдин жүрүшүндө көп тажрыйба топтой алышты. Эми кышкы эс алуу мезгилинде кайрылган жарандар болсо котормочуну күтпөстөн оӊой жана бат муктаждыктарын чечип бере алышат”, – деди Усубакунов.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.