Тоң районунун Улахол айыл аймагына 1 миң 836 чарчы метр аянтка курулуп жаткан спорт залдын 90%зы бүткөрүлдү. Курулуш иштерине Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусу 16,5 миллион сом бөлгөн. Бул тууралуу аталган айыл аймактын башчысы Акылбек Мамбеткеримов билдирди.
Анын айтымында айыл аймактын Кара-Талаа кыштагына салынып жаткан ден соолукту чыңдоочу жай эми 3 миңге чукул калктын өсүп өнүгүүсүнө, сергек жашоосуна шарт түзөт.
“Кара-Талаа кыштагында калк жыш жайгашкандыктан эл үчүн спорт залдын мааниси чоң. Өзгөчө мектеп окуусуларына кышкысын эми көйгөй жаралбайт. Бул боюнча Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусуна кайрылып, 2017-жылы колдоо таптык. Эми ички курулуштун 10%дык жумушу бүткөрүлсө келечек муундарыбыз дени сак жашоо менен өнүгөт деген ойдомун”,-деди Мамбеткертмов.
Эскертсек, Ысык-Көл өнүктүрүү фондуна “Кумтор Голд Компани” ишканасынын дүң кирешесинин 1% өлчөмдө акча каражаты которулат.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: