Ысык-Көлдө жайкы туристтик мезгилге чейин көлдүн айланасын тазалоо башталды. Ишембиликке жалпы 375 уюм тартылып, 10 миңден ашык адам катышууда. Бул боюнча облустук администрациядан билдирди.
Маалыматка таянсак, эки жолку ишембиде 525 тонна таштанды чыгарылып, 9 км пляждык зона тазаланды.
“Быйылкы жайкы эсалуу мезгилинде туристтерге жакшы шарт түзүү үчүн ишембилик жарыяланды. Алкагында облустун калктуу конуштарынын социалдык инфраструктурасын, санитардык абалын жакшыртуу, аймактарды көрктөндүрүү, бак дарактардын аянттарын көбөйтүү иштери аткарылууда. Учурда район шаарларга 120 ийне жалбырактуу отургузулуп, арык каналдар да тазаланууда. Мындай акциялар 3 айдан кийин да уланат”,- деди басма сөз катчы.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: