Ысык-Көл облусундагы соода түйүндөрдө майрамдык жардыргычтар текшериле баштады. Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциянын өрт коопсуздугу боюнча талаптар аткарылбаса административдик айып пулдар салынат. Бул тууралуу аталган кызматтын Каракол, Ак-Суу, Түп, Жети-Ѳгүз райондору боюнча башкармалыктын өрт коопсуздугу боюнча улук адиси Баястан Ѳмүрбеков билдирди.
Анын айтымында майрам алдында пиротехникалардын туура шартта сатылышын көзөмөлдөө боюнча бир апта мурда эскертүу берилген. Бүгүнкү күндө инспекциянын атайын тескемесинин негизинде рейд иштери башталды.
“Азыркы тапта Кытайдан алынып келинген майрамдык жардыргычтар жер-жерлерде сатыла баштады. Анын ичинен Караколдун борбордук баарында массалык соода-сатык орун алды. Талап боюнча пиротехникалар калк аз жайгашкан жабык имаратта сатылуусу шарт. Себеби бул корүнүш жеке эле экологияга эмес, адам баласына да зыян алып келиши ыктымал. Тилекке каршы базардын айланасында ачык түрдө сатып жатканы байкалууда. Бүгүнкү күндө инспекторлор дагы эскертүү берип жатат. Эгер талапка жооп бербесе анда милиция кызматкерлери менен бирдикте административдик чара көрүлөт”, -деди ал
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: