Ысык-Көл 2019-жайкы туристтик мезгилине карата аймакта жалпы 428 пансионат, чакан мейманканалар иш алып барат. Көлгө түшүү мезгилинде коопсуздук быйыл өзгөчө көзөмөлдө болорун министр Нурболот Мирзахмедов билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 15-апрелинде № 408 токтому чыгып, сууга түшүү жана эс алуучулардын коопсуздугун сактоо боюнча 117 мектептеги 12 миӊ окуучуга жана жергиликтүү жашоочуларга түшүндүрмө берилди. Андан сырткары, 54 суучул куткаруучулар кайра окуудан өттү. Ага кошумча 20 эс алуу жай коопсуздукту камсыз кылышты.

«Ѳткөн 2018-жылы өлкө боюнча 108 адам сууга чөксө, анын ичинен 32 жаш балдар болгону өкүнүчтүү. Бул жылы өкмөттүн тапшырмасы менен коопсуздук маселеси катуу каралууда. Ошондй эле 20-майдан баштап, облустагы өрт куткаруу бөлүктөрүнөн сырткары Бишкек-Балыкчы-Каракол унаа жолунун 146-чакырымында убактылуу куткаруу нөөмөтү уюшулду. Андан сырткары өлкө аймактардагы коопту делген 74 участкалар жокко чыгарылууда»,- деди ал.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.