Ысык-Көл облусунун жайлоолорунда кемирүүчүлөргө кирген суурлар 3 эсеге көбөйдү. Жайлоолорго барып, кооптуу деп табылган очокторго өз учурунда профилактика жүргүзбөсө жугуштуу оорулар жайылышы мүмкүн. Бул тууралуу Каракол шаардык кара тумоого каршы күрөшүү бөлүм башчысы Равшан Маймулов билдирди.

Анын айтымында, кара тумоо илдетинин алдын алуу үчүн март айынан баштап, жайлоолорго байкоо жүргүзүлдү. Жакынкы арада Сары-Жаз, Эӊилчек, Беш-Мойнок өрөөндөрүнө15 кишиден турган 3 топ жеринде иш алып барышат. Анда кара тумоого каршы жергиликтүү чабандарга, убактылуу көчүп барган малчыларга эмдөө жүрсө, кемирүүчүлөрдүн үӊкүрлөрүнө дуст чачылат.

«Ар жылы жаз мезгилинин башталышы менен облустагы 1 миллион 250 гектар жердин айланасына көзөмөл жүргүзөбүз. Быйылкы жылы Сары-Жаз өрөөнүнө 2 бөлүм Эӊилчек, Ат-Жайлоого тиешелүү 50 миӊ га жерге дуст чачылат. Жети-Ѳгүз районунун Беш-Мойнок өрөөнүндөгү Карасай, Карагер деген жерде 80 миӊ га прфилактика жүрөт. Ошол эле учурда тоого бара турган туристтер келсе алардын маршруттарын, кайсыл жакка коно турганын тактап эмнеден сак болуу керектиги айтылат. Анткени, 2013-жылдан бери суурларды атууга тыюу салгандан улам, кемирүүчүлөрдүн саны 3 эсеге өстү. Ошого байланыштуу коопту деген аймактан өлгөн же оорулуу жаныбарларды байкасак, дароо анализдөөгө аракет кылабыз. Азырынча кара тумоо боюнча коркунуч жок, ошентсе да суурлардын санын азайтуу керек»,-деди Маймулов.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.