Ысык-Көл облусунда жалпы 61 айыл аймагы бар болсо, анын 38 мамлекеттин жардамына муктаж. Быйыл жакырчылыктан чыгуу үчүн ар бир айылга “Айылды өнүктүрүү фонду” түзүлөт. Бул боюнча өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев аймактагы жетекчилерге тапшырма берди.
Фондду түзүүнүн негизги максаты чогулган каражат жакыр жашаган үй-бүлөлөргө жардам берип, алардын жашоо шартын жакшыртууга жумшалат. Андан соӊ айылдын инфраструктурасын оңдоп, көпүрө салуу, арык казуу, айыл ичин жарыктандыруу жана башка маселелерин чечүүгө каралат. Бул аракет 10-июнга чейин колго алынып, облустагы юстиция бөлүмүнөн мыйзамдуу каттоодон өтөт.
“Жакынкы күндөрү биз Россиядагы мекендештерибиз менен жолугуп, алардын жергебиздин өнүктүрүү боюнча пикирлерин угуп, кошкон салымдары тууралуу да маалымат ала алдык. Чет жердеги биздин жердештерибиз кичи мекенин өнүгүүсү үчүн бир топ салымдары бар. Алар айылдарда түзүлүп, иш алып бара турган өнүктүрүү фонддоруна өз каражаттарын которуп турууга даярдыгын билдиришти”,- деди өкмөттүн облустагы өкүлү Акылбек Осмоналиев
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: