Ысык-Көл облусу боюнча жумушсуз жүргөндөрдүн саны 4,5 миӊден ашты. Мындай көрсөткүч 2019-жылдын март айында жүргүзүлгөн мониторинг боюнча расмий каттоого алынган. Бул тууралуу Каракол шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Шарикан Жусупова билдирди.

Анын айтымында, жумушу жоктордун катарында жогорку, орто билимдүүлөр жана таптакыр диплом, сертификаты жок жарандар камтылган. Анын ичинен 670 жаран Каракол шаарынын тургундары болсо, калгандары райондорду камтыйт. Бүгүнкү күндө анын 10%дан ашыгын ишке орноштуруу жагы каралууда.

“Биз 3 жылдан бери кесиптик окуу жайлар жана кичи ишкана ээлери менен бирдикте “Кесипке багыт берүү, бош орундар жарманкесин” өткөрүп келебиз. Бул жылы 4 миӊден ашык адам жумуш издегени боюнча расмий каттоого алынды. Аларга жарманке аркылуу 420 орундук жумуш орундары түзүлдү. Учурда катталгандар өздөрүнүн шыгына, адистигине жараша тандалып жатат. Алар кичи компаниялар менен эмгек келишимин өздөрү түзүшөт”,- деди Жусупова.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусу боюнча жарым миллионго жакын калк жашайт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.