Ѳлкөдөгү саламаттыкты сактоо тармагы бул учурга чейин хирургия бөлүмү бычактын мийизи менен оор жана жеӊил операцияларды өткөрүп келген. Жакынкы 5 жылдан бери лапароскопиялык жол менен дарылоо ыкмасы Ысык-Көл облусунда дагы колдонула баштады. Анын катарында Жети-Ѳгүз райондук оорукана да лапароскопиялык аппарат жаӊыланып, ага «Кумтөр Голд Компани» колдоо көргөздү.
Жети-Ѳгүз районунун Тамга айылынын 56 жаштагы тургуну Гулзада Жумаева райондук орукананын хирургия бөлүмүндө шашылыш түрдө орерация болду. Ал үч жылдан бери өттөгү таштан жабыркап, бычак мийизинен коркуп келген. Пенсионердин коркунучу жокко чыгып, “Кумтөр Голд Компани” тарабынан жаӊы алынып келген лапароскоп аппараты менен операция жасалды. Учурда бейтаптын абалы туруктуу.
«Мен чынын айтайын биринчи кирип баратканда операция кандай өтөт деп корктум. Бирок кудайга шугур! Ак халатчандарга рахмат. Ичимди кескен жери жок, заманбап техника менен ташты бат эле алып салышты. Наркоздон кийин ойгонгондо ооруйт деп да ойлогом. Анткен менен абалым кыйла жакшы жана жеӊил кыймылдап жүрөм. Алгач, келгенде эле пенсия күбөлүгүмдү алып катташты. Бекер дарылашты, бир сом төлөгөн жокмун. билдирем», – деди Гулзада Жумаева.
Лапароскопиялык аппарат райондогу 100 миӊ калктын саламаттыгына кам көрүү максатында 5 млн 783 миӊ 824 сомго Кумтөр ишканасынын каржылоосу менен алынган. Учурда бейтаптарга пландуу негизде операциялар жасалып, дарылоо ыкмасы да бир топ жеӊилдеди. Бул тууралуу Жети-Ѳгүз райондук оорукананын башкы дарыгери Канат Жумадылов билдирди.
«Мурда бейтаптарга бычак колдонулган операция жасалганда алар 20 күндөп оруканада жатып чыгышчу. Жарым жылдан бери лапароскопиялык жол менен иштегенибиз биздин жумушка да жеӊил, бейтаптарга да жеӊил болду. Мисалы өт баштыкчасын аларда курсактан аралыгы 1-1,5 см болгон 3-4 тешик жасап, камерадан көрүп эле өт баштыкчасын алып жатабыз. Бул ыкма бир саатта аяктап, наркоздон ойгонгон адам 3 сааттан кийин оз алдынча басып кетүүгө мүмкүнчулүк бар», – деди дарыгер.
Ошондй эле “Кумтөр Голд Компани” Жети-Ѳгүз райондук ооруканага заманбап үлгүдөгү жаӊы тез жардам алып берген. Ичинде медициналык бардык жабдуулар камтылган. Өзгөчө оор абалдагы адамдарды ооруканага тез жеткирерин айдоочулар да билдиришет. Демек, райондук орукананын көйгөйлөрүн чечүүдө тоо кен бир катар иштерге көмөк көргөзүп келе жатканын район акиминин орун басары Улан Далиев баса белгиледи.
«Биздин районго лапароскоп аппараты келгени эл үчүн абдан жакшы болду. Себеби республика боюнча деле баасы кымбат болгондуктан көп эмес экен. Экинчи жагы бул аппарат менен иштеген адистер да жокко эсе. Ошондуктан райондук оруканага башкы дарыгер Канат Сагындыкович келгени бизге сунуш берди. Сунушту биз аймактык комитеттин комиссиясы карап колдодук. Андан соӊ, Кумтөр ишканасы колдоп, жабдууну алып берди», – отметил Улан Далиев.
Ал гана эмес, «Кумтөр Голд Компани» жана «FSDS» биргелешкен долбоорунун алкагында Ысык-Көлдүн жаштарын да медициналык тейлөөдө колдоо көргөздү. Анын алкагында элеттиктер алтын кендин каржылоосу аркылуу чакан бизнесин кеӊейтүүгө, модернизациялоого же зарыл болгон жабдуу сатып алууда, инфраструктураны жакшыртуу жана консультациялык жардам түрүндө колдоо табышкан. Мындай мүмкүнчүлүктү Давлет Сайдаевда колдона алды. Ал жеке тиш дарылоо борбор ачкан эле. Тиш дарылоо үчүн кошумча стол жана рентген аппаратын 5 миӊ долларга алынган.
«Каракол шаары боюнча стамотологиялык борборлор көп. Анткен менен 2 гана рентген аппараты бар. Биз даарылап жаткан учурда бейтаптарды башка дарылоо борборлорго жиберчүбүз. Натыйжада бейтаптар 3 саатка барып келип, убакыттан утулчу элек. Азыр женил болду. Башка борборлордон да келип жатат. Рентген 150 сом болсо, биз 100 сом кылдык. Пенсионерлерге жеӊилдик жагын карасакпы деп жатабыз. Калктын саламаттыгы үчүн ушундай шарт түзүп берген жана жаш ишкерлерди колдогон Кумтөргө кантип ыразы болбой коебуз», – деп Давлет Сайдаев жыйынтыктады.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: