Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү Н. Артышевага карата жекече аныктама чыгарды. Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевге таандык объектилерди жана мүлктөрдү тинтүүгө алган Финполдун кызматкер айымы жумушунан четтетилди. Бул туурасында парламентарийдин адвокаты Бактыбек Жумашев билдирди.

Кечээ күнү Бишкек шаардык сотунун отурумунда соттук комиссиянын төрагасы депутат Жумалиевдин мүлкүнө жүргүзүлгөн тинтүү бардык эрежелерди жана мыйзамдарды бузуу болгон деген комиссиянын бирдиктүү пикирин угузду.

Ошондой эле комиссиянын төрайымы бул соттун токтомунун жүйөөлөштүлгөн бөлүгүндө көрсөтүлөөрүн билдирди. Кийинчерек Бактыбек Жумашев сот тарабынан депутат Кубанычбек Жумалиевдин мүлкүн тинтүүгө демилге көтөрүп, тинтүү жүргүзгөн тергөөгө карата жеке аныктама жөнөтүлөөрүн тактады. 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.