Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Шанхай Кызматташтык Уюмундагы төрагалыгынын алкагында Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин 23-жыйыны өтүүдө.
Жыйынга Беларусь Республикасынын, Индия Республикасынын, Иран Ислам Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын, Пакистан Ислам Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын расмий делегацияларынын башчылары, ошондой эле Шанхай Кызматташтык Уюмунун Башкы катчысынын өкүлү катышууда.
Жыйынды ачкан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жыйын ШКУнун 25 жылдык мааракелик Саммитинин алдында өтүп жатканын белгилеп, анын маданий кызматташтыктын жыйынтыгын чыгарып, жаңы демилгелерди талкуулоо үчүн маанилүү аянтча экенин айтты.
Министр маданият ШКУ мейкиндигинде өз ара ишенимди, достукту жана гуманитардык кызматташтыкты бекемдеген негизги күч экенин белгиледи. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын төрагалыгы мезгилиндеги негизги жыйынтыктарга токтолуп, Чолпон-Ата шаарында өткөн эл аралык маданий иш-чаралар, маданий мурастарды сактоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жана археологиялык табылгалар тууралуу маалымат берди.
Жыйындын жүрүшүндө кыргыз тарап Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин Эл аралык театр фестивалын өткөрүү демилгесин сунуштап, ошондой эле кинематография тармагындагы копродукцияны кеңейтүүнүн жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанисин белгиледи. Министр ошондой эле Чыңгыз Айтматов атындагы 40-жылдык Эл аралык Ысык-Көл форумунун ийгиликтүү өткөнүн белгилеп, анын дүйнөлүк гуманитардык диалог үчүн маанилүү аянтча болуп калганын айтты.
Сөзүнүн соңунда Мирбек Мамбеталиев ШКУга мүчө мамлекеттерди маданий кызматташтыкты мындан ары да активдүү өнүктүрүүгө чакырып, бүгүнкү жыйындын жыйынтыктары алдыдагы ШКУнун мааракелик Саммитинин чечимдеринде өз чагылдырылышын табарына ишеним билдирди.
Жыйындын алкагында министрлер биргелешкен маданий долбоорлорду ишке ашыруу, эл аралык маданий иш-чараларды өткөрүү, маданий мурастарды сактоо жана ШКУ мейкиндигиндеги гуманитардык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо маселелерин талкуулашат.
Маалымат булагы egov.kg
2026-жылдын 18-июлунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Шанхай Кызматташтык Уюмундагы (ШКУ) 2025–2026-жылдардагы төрагалыгынын алкагында ШКУнун Жаштар кеңешинин XIX жыйыны өттү.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары У. Э. Маматканов, ШКУнун Башкы катчысынын орун басары П. Янфань, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М. Алымбеков, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана ШКУга мүчө мамлекеттердин Жаштар кеңешиндеги улуттук бөлүктөрүнүн жетекчилери катышты.
Жыйынды ачып жатып, У. Э. Маматканов жаштардын туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуудагы жана инновациялык прогрессти илгерилетүүдөгү маанилүү ролун белгиледи. Ал жаштарда санариптик көндүмдөрдү, инновациялык ой жүгүртүүнү жана ишкердик жөндөмдөрдү өнүктүрүүнүн маанисине токтолду.
Ошондой эле ШКУ мамлекеттеринин билим берүү, илим жана инновациялар жаатындагы кызматташтыгын кеңейтүү зарылдыгы белгиленип, жасалма интеллект, санариптик технологиялар, робототехника, медицина жана экология багыттарында биргелешкен жаштар долбоорлорун жана изилдөөлөрүн активдештирүү сунушталды.
Жыйындын жүрүшүндө тоо экосистемаларын жана суу ресурстарын сактоого багытталган жаштардын экологиялык долбоорлорун жана ыктыярчылык демилгелерин өнүктүрүү, ошондой эле тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу маселелерине арналган ШКУнун жаштар экологиялык форумдарын Кыргызстанда өткөрүү демилгелери көтөрүлдү.
Жыйындын жыйынтыгында ШКУнун Жаштар кеңешиндеги төрагалык Ислам Республикасы Пакистанга өткөрүлүп берилди.
Маалымат булагы egov.kg
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: