Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара участогунда кырдаал туруктуу. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз бөлүмү  билдирет.

Мамлекеттик чек ара аркылуу көзөмөлдөө-өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат.

Учурда кыргыз-казак мамлекеттик чек ара участогунун  “Ак-Тилек-автожол” өткөрүү пункттунда  чек ара көзөмөлүнөн өтүү үчүн кезекте 3-4 жүк ташуучу автоунаа турат. Казак тарап 5-6 бирдик транспорттук каражатты 1 саат кароодон өткөрүүдө.

КР МЧК кыргыз тараптан чек ара көзөмөлүнөн өтүүдө жүк ташуучулар үчүн чектөөлөр жоктугун билдирет.

Кыргызстандык  чек арачылар  мамлекеттик чек арадан алып өтүүгө жүк ташуу каражаттарынан тыюу салынган баңги зат каражаттарын алардын прекурсорлорун, курал-жарак жана ок-дарыларды жана жарылуучу каражаттардын бары-жогун гана текшерүүдө.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара участокторундагы башка өткөрүү пункттарында  адамдардын жана автоунаалардын топтолгондугу байкалбайт

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.