JDS долбоорун башкаруу комиссиясынын экинчи отуруму болуп өттү
 
Бүгүн, долбоордун башкаруу комиссиясынын 2023-2024-окуу жылдарына долбоордун 17- тобунун финалисттерин бекитүү боюнча экинчи отуруму болуп өттү.
Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Э.Н. Джантаев, Япониянын КРдагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, КР Президентинин Администрациясынын, тышкы иштер министрлигинин жана Финансы министрлигинин өкүлдөрү катышышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө магистрдик программа боюнча 19 финалист жана 2023-2024-окуу жылына карата долбоордун 1 доктолук программасы боюнча талапкер бекитилди. Ошондой эле аталган долбоорду Кыргыз Республикасында андан ары натыйжалуу ишке ашыруу боюнча кошумча маселелер талкууланды.
Жолугушуунун аягында Э. Н.Джантаев япон тарапка JDS долбоорун ийгиликтүү ишке ашырууга кошкон баа жеткис салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
 
 
 
 
 
 
 
 
 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.