23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата Кыргызстандын республикалык, облустук, райондук, шаардык жана айылдык китепканаларында маданий-агартуу иш-чаралары өткөрүлдү.

Иш-чаралар «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» Уңгужолунун негизги баалуулуктарын жайылтууга, кыргыз тилинин коомдогу маанисин арттырууга жана эне тилди урматтоого багытталды.

А. Осмонов атындагы Улуттук китепканада «Кыргыз тили — биздин байлыгыбыз» китеп көргөзмөсү, мамлекеттик тил мыйзамынын тарыхы, бүгүнкү абалы жана келечегине арналган иш-чара, ошондой эле «Ойлон, тап! Китеп белекке ал» викторинасы өткөрүлдү.

К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында «Эл тарыхын баяндаган — Эне тил» жумалыгынын алкагында китеп көргөзмөлөрү, адабий-музыкалык кече, көркөм окуулар жана викториналар уюштурулду.

Ош облусунда Т. Сатылганов атындагы облустук китепканада «Эне тил — улуттук иденттүүлүктүн өзөгү» тил жумалыгы өтүүдө. Нарын облусунда С. Орозбаков атындагы китепканада Касым Тыныстановдун 125 жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлдү.

Чүй облусунун китепканаларында «Эне тил — улуттун байлыгы» этно-китеп көргөзмөлөрү, ачык сабактар жана викториналар уюштурулду. Жалал-Абад облустук китепканасында «Кыргыз тили — улуттун руханий мурасы» конференциясы, Талас облусунда А. Токтогулов атындагы облустук китепканада «Улут наркы — улуу тил» китеп көргөзмөсү жана тегерек стол өткөрүлдү.

Ысык-Көл облусунда К. Эсенкожоев атындагы облустук балдар китепканасында «Мамлекеттик тил — улуттун жүрөгү» маданий-агартуу иш-чарасы өтүп, кыргыз адабияты, балдар адабияты, сөздүктөр жана «Манас» эпосунун балдарга арналган басылмалары коюлган көргөзмө уюштурулду.

Баткен облустук китепканасында «Эне тилибиздин тазалыгын сактайлы» аттуу тегерек стол жана кыргыз тилинин тарыхын, бай мурасын жана улуттук аң-сезимдеги ордун чагылдырган китеп көргөзмөсү өткөрүлдү.

Мамлекеттик тил күнүнө арналган китеп көргөзмөлөрү, интеллектуалдык таймаштар, тегерек столдор, этновикториналар жана онлайн иш-чаралар өлкөнүн китепканаларында улантылат.

Тил — улуттун тарыхын, маданиятын жана дүйнө таанымын муундан муунга жеткирген баа жеткис мурас. Эне тилди сактоо жана өнүктүрүү — жалпы коомдун маданий жоопкерчилиги.

Маалымат булагы egov.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.