Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаларды ишке ашыруу максатында окутуулар башталды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022- жылдын 18-октябырындагы №85 «КР Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында, Агенттиктин директорунун буйругунун негизинде тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда, Нарын облусунун 5 райондорунда айыл өкмөттөрдүн башчылары, адистери, жергиликтүү кеңештердин төрагаларынын катышуусунда окутуулар жүргүзүлүп баштады.
Бүгүн, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары М.К. Байдылдаев баш болгон Агенттиктин кызматкерлеринин, КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары жана тиешелүү мамлекеттик органдардын бөлүмдөрүнүн катышуусунда Ак-Талаа районунда окутуу өткөрүлүүдө.
Тактай кетсек аталган окутуулар 18-19-20-апрелде Нарын, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор райондорунда улантылат.
Источник – Государственное агентство по делам государственной службы и местного самоуправления при Кабинете Министров Кыргызской Республики
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: