3-июлда жаандын кесепетинен Кыргызстандын эки облусунда сел журдү. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.
Чүй облусунун Ысык-Ата районунда Красная-Речка – курорт “Ысык-Ата” унаа жолунун 40 чакырымында 2 жеринен шагыл аралашкан сел жүргөн. №43 ЖТИден тартылган техниканын жардамында тазалоо иштери жүрүп жатат, унаа жол бир тарапка ачык.
Экинчи кырдаал Жалал-Абад облусунун Сузак районунда. Жааган жаандын кесепетинен -Казарман унаа жолунун 63-64 чакырымдарында (Курманбек а/а, Үрүмбаш тилкеси) тоонун боорунан шагыл аралаш таш түшкөн. Тогуз-Торо районунун жарандык коргонуу башчысынын буйругунун негизинде унаа жолу жабылган.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Теги:
Поделиться:
Окшош жаңылыктар






Spelling error report
The following text will be sent to our editors: