Бишкекте орусиялык ишкер Александр Гайдуковго кол салынды. Маалыматты ИИМнин кызматкерлери тастыктады.
Милициянын маалыматы боюнча, саат 11.20 чамасында Исанов көчөсүндөгү көп кабатту үйдүн жанындагы ишкердин Lexus 570 маркасындагы унаасы жарылган.
Кол салуудан Гайдуков жабыркаган, жеринде саперлор иштеп жатат.
Эскертсек, ишкерге 2016-жылы кол салынган. Гайдуков кеңседен унаа токтотуу жайга баратканда кылмышчылар мылтык менен атышкан.
А. Гайдуков азык-түлүк чыгаруучу «Бишкек-Экспо» ЖЧКнын негиздөөчүсү болуп саналат.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: