Ысык-Көл облусунда 3 ай аралыгында 102 өрт кырсыгы катталып, бир адам каза тапты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз катчысы Элмира Шерипова билдирди.

Анын айтымында, өрттүн басымдуу бөлүгү март айында күч алган. Себеби санитардык тазалоо иштеринен кийин таштандылар өрттөлүп кургак чөптөр күйгөн. Учурда келтирилген материалдык чыгым такталууда.

“Жыл башынан бери Ысык-Көлдө 63 турак үй, 8 соода түйүн, базар жана кургак чөптөр күйдү. Тилсиз жоо бир адамдын өмүрүн алды. Негизги себептер адамдык факторго байланыштуу”,-деди Шерипова.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.