Ысык-Көл облусундагы Каракол—Эңилчек унаа жолунун 82-чакырымына кар көчкү түшүп 3 күнгө жабылды. Чоң-Ашуу ашуусуна болжолдуу түрдө 30 миң метр куб көчкү бар экенин облустук өндүрүштүк-тилкелик авто жол башкармалыгынын жетекчиси Кудайкул Күчүков билдирди.

Анын айтымында, жол тазалоо иши 36-чакырымында (Ак-Булак айылы) жана 118-чакырымында (Оттук чек ара посту) посттор уюштурулган. Учурда 3 техниканы башкарууда. Ага кошумча Ак-Шыйрак жол тейлөө тармагынан 1 погрузчик, 1 бульдозер жардам берет.

“Каракол – Эңилчек жолунда ага чейин эле кар көчкү түшүп, жумушчулар иштеп жаткан. Бирок, кечээ 7-апрелде 16:30 дар чамасында түшкөн чоң кар көчкү 1 унааны басып калды. Айдоочусу дароо ооруканага жеткирилип, азыр элдин жана жумушчубуздун абалы жайында. Азыркы тапта бригадалык топ 10-апрелге чейин жолду ачуу аракетинде”,-деди Күчүков.

Эске сала кетсек, Ак-Суу районундагы Эңилчек сырт аймагы деңиз деңгээлинен 4500 метр бийиктикте жайгашкан. Район борборунан 140 км алыстыкта орун алган кыштакта 171 адам жашайт

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.